Ангела Меркель жергиликтүү радиого берген интервьюсунда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Орусия тараптын жетиштүү кызматташпаганынан улам шайлоого байкоочуларын жөнөтө албаганына өкүнүч билдирди. Немец канцлеринин пикиринде, Европа Орусияны адам укуктарын сактоого чакыруу үчүн жоопкер.