Борбордук шайлоо комитетинин төрагасы Владимир Чуровдун айтымына караганда шайлоого элдин келиши тизмеге кирген кишилердин 60 пайызын түзгөн. Мурдагы парламентти шайлоолордо элдин шайлоого катышышы 56 пайызга жетүүчү эле деген.
«Бирдиктүү Орусиянын» ири жеңишин анализчилер кыйладан бери айтып келатышты эле, ошол келди. Бардык добуштардын 60 пайызынан ашыгы ушул партиянын пайдасына берилгенин алдын ала чыгарылган жыйынтыкта Орусиялык БШК төрагасы Владимир Чуров биринчи эле маалымдоо жыйынында айтып чыкты.
Анын артынан кремлдик бийликке он жылдан бери оппозицияда туруп келаткан коммунистер келатат, алар толук тактала элек жыйынтык боюнча – 11 пайыздай добуш чогулткан. Ал эми кремлдик бийликтин каш кабагын карап иш жүргүзчү ЛДПР да 11 пайыз добуш тапкан. Ошол эле Кремлде олтурган ойондор ойлоп тапкан «Адилет Орусия» партиясы - 7 пайыздан артык добуш тапкан. Бүгүн таң сүргөндө Орусиянын БШКасынын төрагасы Владимир Чуров жалпы жыйынтык боюнча мындай деди:
«Ырасмий жыйынтык бардык кагаз түрүндөгү протоколдорду текшерип чыккандан кийин, кантсе да, 7- 8-декабрде чыгарылат».
Анализчилер эми бул шайлоонун жыйынтыгы ушул көрсөткүчтөн анча айырмаланбай калды дешет. Ал эми «Биздин шайлоо» уюму жүргүзгөн exit-poll да аталган төрт партиянын Мамдумага шайлана тургандыгын көргөзгөн.
Шайлоонун өтүшүндө мыйзам бузуу кыйла болгонун ар кайсы агенттиктер жазышууда. «Азаттыктын» кабарчылары билдиргенге караганда андай мыйзам бузуулар Свердловск, Томск, Челябинск, Ульяновск, Самарск областарында жана Маскөө менен Питерде катталган.
Күрүчтүн арты менен күрмөк суу ичет деп, Мамдуманы шайлоого жармаштырып, Баш мыйзамын өзгөртүү боюнча Чеченстанда да референдум өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы да оң чыгып, ал жумуриятта эки палатадан турган парламент жоюлуп, бир палаталуу парламент пайда болгон. Рамзан Кадыров ээлеп олтурган президенттик орун мөөнөтү төрт жыл эмес беш жылга узартылган.
Бул жолку Мамдуманын шайланышындагы анализчилер белгилеген өзгөчөлүк - Орусияга келген чет элдик көз салуучулардын демейдегиден аз болушу. БШК төрагасы белгилегендей бул күндөрү өлкөдө 299 чет элдик көз салуучулар болушту.
ЕККУ алдындагы АУДИБ (адам укуктары жана демократиялык институттары боюнча бүйрө) Маскөө койгон шарттардан улам келе албай тургандыгын билдиргенде МИД өкүлү Михаил Камынин: «Шайлоо өткөрүү – биздин эгемендүү укугубуз» - деген эле.
Ошондой болсо да 95 миң шайлоолук бекеттери бар жери кең өлкөдө өткөн шайлоонун адилет өтүшүн байкоого чамасы келбегенин чет элдик көз салуучулар айтышкан. Маселен, ЕККУнун өкүлү Киммо Кильюнен айтканга караганда «шайлоо өзгөчө, орусиялык ык менен уюштурулган»:
«Албетте, шайлоону мындай уюштуруу кыйла машакаттуу. Президент өзүн бир партиянын талапкери катары көргөзүү, аймактардагы губернаторлор өз талапкерлигин бир партиянын пайдасы үчүн бергенде калган партиялардын атаандашуусуна жол торолуп калат. Бирок бул жерде мыйзам бузуу жок. Ошол себептен мен шайлоону орусиялык өзгөчөлүк менен уюшулуптур дедим».