Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:23

“АК ЖОЛ” ПАРТИЯСЫ ЖЕҢИШКЕ ЖЕТЕРИНЕ ИШЕНЕТ


Алишер Токсонбаев, Талас «Ак жол» партиясынын Ош облустук лидери Авазбек Шамшиев маалымат жыйынын өткөрүп, административдик ресурстарды кошоматчы аткаминерлер «Ак жолго» өздөрү буруп жатышкандыгын, ошол себептүү алдыдагы шайлоодо эң көп орун алышаарын жарыя кылды. Мындай билдирүүгө көпчүлүк партиялар кабатырлангандыгын айтышууда.

Өлкөнүн түштүк борборунда өткөн маалымат жыйынында «Ак жол» партиясынын Ош облустук жетекчиси Авазбек Шамшиев «Азаттыктын» кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, Президент Бакиев аларды эмне үчүн колдоп келаткандыгын дагы бир ирет эске салып, административдик ресурстарды алардын пайдасына жергиликтүү жетекчилер эч кимдин буйругусуз эле үгүттөп жатышкандыгын, 16-декабрдагы шайлоодо 4-5 гана партия утаарын, «Ак жол» добуштардын эң көбүн алаарын ачык билдирди.

- Өзүбүздүн тактикабызда башка партияларга жаман сөз айтпайбыз, кара пиар колдонбойбуз. Кайсы бир чиновник президентке жагыныш үчүн бир кандайдыр бир нерселерди кылышы мүмкүн. Биздин максатыбыз бардык жерде максималдуу добуш алыш. - деди Авазбек Шамшиев.

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын Оштогу лидери Замир Бөжөнов шайлоонун жыйынтыгын бурмалоосуз парламенттеги орундардын көпчүлүгүн ээлөө өтө кыйын деп эсептейт.

- Бийликчил партия жакында гана түзүлдү. Аттарын да көбү жакшы билбеши мүмкүн. Билсе дагы партиянын программасын, кандай лидерлери бар эл биле элек. Ошондуктан бул жолу сөзсүз фальсификация болушу мүмкүн, - дейт Замир Бөжөнов.

Кыргызстан коммунисттеринин түштүктөгү башчысы Валерий Максимов административдик ресурстун кесепети тетири натыйжаларды берээрин эскертти.

Социал-демократиялык партиянын Жогорку Кеңешке талапкери Имамберди Жалилов шайлоочулар бул ирет алданбайт деген ниетте.

- Элибиз кийинки 16 жылдан берки эгемендүүлүк мезгилинде саясий жактан бир топ такшалып калгандыгын, саясий чебердүүлүктүн туу чокусунда экендигин, ар кандай коомдогу болгон көрүнүшкө өздөрүнүн саясий баасын бергенге өздөрүнүн саясий баасын берүүгө акыл кудуреттери жете тургандыгын көрсөтө алат деп ишенебиз, - дейт Имамберди Жалилов.

«Туран» партиясынын Ноокаттагы жетекчиси Абдырайым Мамытов ар кандай бийлик мүмкүнчүлүктөрүн колдонот, андан трагедия жасоонун кажети жок деген пикирде.
- Шайлоодо администартивдик ресур колдонулбайт деп бийлик тарабынан айтылып атат. Бирок жер-жерлерде кошоматчылыкпы, же өздөрүнүн жашыруун келишкен сөздөрү барбы, иши кылып андай иштер болуп атат, - деди Абырайым Мамытов.
Саясат таануучу Токтогул Калчакеев Кыргызстанда административдик ресурстардан да коркунучтуу диаспоралык жана регионалдык күчтөр пайда болгондугуна кабатырланып, мындан чукул арада арылбаса, өлкө феодалдык жолго түшөөрүн белгиледи.

-Диаспоралык күчтөр бүгүнкү күндө жалпы мамлекетке каршы тургандай болуп атат. Ошондой эле мамлекеттик саясаттын жалпы келечектеги Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө регионалдык принциптер дагы өзүнүн туура эмес жолун көрсөтүп атат. Ошондуктан бүгүнкү күндө Кудай тобокелчилик сезим, мамлекеттик маданият, мыйзамды ыйык туткан жолду жакшы көзөмөлдөп, ошол жол менен барышыбыз керек. Болбосо биз феодалдык жолго түшөбүз, - дейт Токтогул Калчакеев.

XS
SM
MD
LG