Караколдо №161-шайлоо участкасында шаардык кеңештин депутаты Орунбек Маданбеков шайлоо күнү эртең менен элди “Ак жол” партиясына ачык эле үгүттөп турду. Ал эми Жетиөгүз районунун борборунда Ленин атындагы мектептеги Кызылсуу айыл өкмөт башчысы Кубан Мухамбетов байкоочуларды чайга чакырып кетип, алаксытып, алар кеткенде бюллетендерди тобу менен салып аткан жеринен кармалды. Бул боюнча атайын протоколдук иштер такталып атат.
“Ата мекен” партиясынын облустагы штабынын башчысы Муканбет Асаналиевдин айтымында, Жетиөгүз районундагы Абдрахманов атындагы мектепте участкага эл келген жок деген негиз менен райондун башкы врачы Чыныбаев шайлоону жокко чыгаруу аракетинде жүргөнүн маалымдады. Ал эми Кабак айылындагы шайлоо участкасынын жанындагы дүкөндөн арак берип аткан фактылар болду. Бийликчил партияга добуш бергендерге 250 сомдон акча берилерин Жетиөгүз айылынын башчысы Алымкул Сарыкеев дагы эскертип жүрдү.
Ысыккөлдөгү бул шайлоого Орусия мамлекеттик Думасынан, ОБСЕден жана Казакстандан 20 эл аралык байкоочу келгени кагаз жүзүндө маалымдалганы менен тиешелүү шайлоо комиссиялары ал жөнүндө билбейт экен. “Азаттыктын” кабарчылары дагы аларды бир дагы шайлоо участкасынан жолуктура алган жок. Ысыккөл райондук шайлоо комиссиянын айтуусунда алар Чолпоната шаарындагы
“Аврора”, “Кыргыз деңизи” жана башка жайларда эс алып жатышат.