Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:10

“АК ЖОЛ” АРАКЕТТЕ


Бүгүн Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын депутаттары парламент төрагасын жана анын орун басарларын шайлашты. Депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болуп төрагалыкка Адахан Мадумаров келсе, анын орун басарлары болуп Чолпон Баекова, Кубанычбек Исабеков жана Азизбек Турсунбаевдер шайланышты. Парламентте азчылыкты түзгөн фракциялардын айрым депутаттары эми өлкөнүн мындан аркы багытында кандай өзгөрүү болсо да бийликке келген партия жооптуу болорун айтып жатышат.

Жаңы парламент бүгүн өз жетекчилигин шайлап, толук кандуу ишке киришти. Жогорку Кеңештин төрагасы менен анын үч орун басары тең “Ак жол” партиясынан шайланып, башка фракциялардан жетекчилик орундарга ат салышкан бирөө жарым чыккан жок. Төрагалык орунга отурган Адахан Мадумаровду 79 депутат колдосо, анын орун басарлары Кубанычбек Исабеков менен Азизбек Турсунбаев 81ден добуш алышты. Ал эми конституциялык соттун мурдагы төрайымынын талапкерлигин кароодо талаш-тартыштар пайда болуп, аны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу тууралуу президенттин сунушу парламентке келип түшкөндөн кийин гана маселе каралып, жабык түрдөгү шайлоодо ага 65 депутат макул, 20 депутат каршы добуш берип, натыйжада Чолпон Баекова төраганын жанынан орун алды. Жаңы шайланган төрага жыйындан соң эми өлкөдөгү бардык маселелерге “Ак жол” партиясы толугу менен жооп бере турганын, Казакстан менен Орусияда деле бийлик партиясы ийгиликтүү иштеп жатканын айтты:

- Өкмөттүн кыймыл-аракетине, парламенттин кыймыл-аракетине дагы толугу менен “Ак жол” партиясы жоопкерчилигин мойнуна алат. Ансыз деле эл добуш берген деп жоопкерчилик илинген. Мына Казакстанда бир эле партия иштеп атат, эмне кайгы болуп же жер оодарылып кеттиби. Орусияда мына төрт партия иштеп атат, анын экөөсү, “Единая Росиия” менен “Справедливая Россия” бир тууган партиялар.

Кыргызстандын Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев, кандай болгон күндө да эми бардык маселелер “Ак жолдун” колдоосу менен гана парламенттен өтөрүн, ошентсе да алардын сунуштары жок дегенде айтылып турса жакшы болмогун, кайсы бир чечимдерди кабыл аларда аларды да көзгө илип коюш керектигин айтып чыкты:

- Адахан Кимсабаевич, болуптур, силер эми каалагандай чечим кабыл аласыңар. Бирок жок дегенде формалдуу түрдө, стенограмма үчүн коммунисттер мындай сунуш кылып атат, Социал-демократтар мынча сунуштап атат деп, ушуларды айтып кетсеңиз.

Ага жооп кылып төрага бардыгы мыйзам чегинде жүрүп атканын айтып, сунуш-пикирлер болсо бардыгы эске алынарын билдирди. Ошондой эле Адахан Мадумаров, депутаттарга төраганын биринчи орун басары деген кызмат ордун киргизүүнү сунуштады эле, айрым депутаттар мыйзамга каршы келерин айтып каршы болушту. Ошентсе да байкоочулар, формалдуу түрдө үч орун басардын деңгээли бирдей болгону менен, чынында Чолпон Баекова төраганын биринчи орун басары болуп калды дешет. Кызматына киришип жатып мурда Конституциялык сотту 15 жыл бою башкарган Ч.Баекова мындай деди:

- Президент күтүүсүздөн талапкерлердин тизмесин баштап бер дегенинен, ошол тизмени баштап эми силердин алдыңарда турам.

Ал эми Социал-демократтардан келген депутат Бакыт Бешимовдун айтымында, “Ак жол” партиясы 2-3 айдын ичинде өзү жалгыз иш алып кете албасын көргөзөт:

- Толук мүмкүнчүлүктү “Ак жол” өз мойнуна жүктөдүбү, көрөлүчү, кантип маселени чече алышат. Кандай болбосун булар үч-төрт айдан кийин булар сезет, Социал-демократтарсыз кээ бир маселелерди чече албай турганы билинет. Ошондо гана башкача саясат болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG