Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

АЗ-КӨПТҮН АЙЫРМАСЫ: ПАРЛАМЕНТ ИШ ТАРТИБИН ЖАҢЫЛООДО


Жалаң партиялык тизме менен шайланган жаңы парламенттин иш тартибин аныктоочу регламентке өзгөртүү, толуктоолор киргизилмекчи. Бул милдет Жогорку Кеңештин этика жана регламент боюнча комитетине жүктөлгөн. Үч партиядан куралган жаңы парламенттеги негизги жумуштардын бардыгы комитеттерге жүктөлүп, анын жактыруусунан өткөн мыйзам долбоорлору депутаттардын жалпы отурумунда добушка коюлары белгиленүүдө.

Пропорционал шайлоо системасынын негизинде түзүлгөн мыйзам чыгаруу бийлигинин иш тартиби сөзсүз өзгөрүшү керек, деп эсептейт Кыргызстан коммунисттер партиясынын парламенттеги фракция жетекчиси, депутат Исхак Масалиев. Анын айтуусунда, эми парламент депутаттары мурдагысындай жеке өзүнүн пикирин жарыя кылбай, партиялаштары тутунган позицияны колдошко мажбур. Парламент регламентине киргизилчү өзгөрүүлөрдүн эң орчуну – комитеттер санына байланыштуу. Мурдагы 7 комиттеттин ордуна жаңы парламентте 12 комитет түзүлгөн.

- Мынабу регламенттин өзгөрүлүшү – бул техникалык эле жумуш,- дейт Исхак Масалиев. – Бул парламенттин ички жумуш тартибин бекитүү. Президенттин кайрылуусун бардыгыңар эле уккансыңар. Ал ачык эле айтып жатпайбы. “Силер менчиктештирүүнү бүтүрүшүңөр керек. Тигини мындай кылышыңар керек”, деп биртоп талаптарды койду. Мисалы, биз андай нерселерге каршыбыз.

Жаңы парламент ириде экономикалык реформаларга шарт түзгөн мыйзам долбоорлорун, кезектеги менчиктештирүү программасын колдоп бериши зарыл экенин кечээ күнкү кайрылуусунда Кыргызстан президенти атайын белгиледи. Кеп мамлекет ээлигинде калган энергетика тармагын жеке колго өткөрүүгө байланыштуу экени көпчүлүккө ансыз деле дайын. Мурдагы бийлик тушунда энергетика тармагын менчиктештирүүгө караманча каршы болуп келген азыркы жетекчилердин алдагыдай позициясын И.Масалиев саясий кызыкчылыкка байланыштуу түшүндүрөт.

- Элдин добушун алыш үчүн ушул тема дайыма айтылып жүрөт. “Биз менчиктештирүүгө каршыбыз”, дешет да депутат болгондон кийин унчукпай кнопкаларды басып беришет.


Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттеги өкүлү депутат Осмонбек Артыкбаев жаңыланып жаткан Жогорку Кеңештин регламентинде партиялык азчылыкты түзгөндөрдүн укугу эсепке алынбай калды, деген пикирде.

- Ар кандай иштер жүрүп жатат да. Мына регламентте маселе чечүүнү бир эле топко же бир эле адамга өткөрүп берүү аракеттери жүрүүдө.

Жаңы парламенттин иш тартибин өзгөртүү максатынын артында, Осмонбек Артыкбаевдин ырасташынча, азыркы бийлик өзүнө алган милдеттер турат.

- Парламент дагы, андагы көпчүлүктү түзгөн “Ак жол” партиясы дагы биздеги азыркы ахывалга жооп бериши керек. Анан да аны алдыга жылдырганга, өнүктүргөнгө булар аракет жасашы абзел. Эми ал кандай натыйжага алып келет, кандай жетишкендик болот – муну алдыдагы убакыт көрсөтөт.

Жогорку Кеңештин этика жана регламент боюнча комитет төрагасынын орунбасары, “Акжол” партиясынын мүчөсү Динара Молдошева азырынча регламентке айрым гана өзгөртүүлөр киргизиле тургандыгын ырастады. Анын айтуусунда, парламентте талкууланган маселелердин бардыгы көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.

- Бул жерге “Акжолдун” фракциясы да кирет. Социал-демократтар, коммунисттер фракциялары да кирет. Кичине фракцияларыбыз ар бир комитеттин ишине катыша алат. Бул регламентти азырынча техникалык варианты деп жатабыз. Анткени келе жаткан эки-үч айдын ичинде биз жакшылап иштеп, дагы бир жумушчу орган түзүп, башка өлкөлөрдүн, партиялык өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтеп көрүп, регламенттин жаңы редакциясын даярдайбыз,- дейт Д.Молдошева.

Парламенттеги көпчүлүк орунду ээлеген бийлик партиясы сунуш кылган өкмөт курамы кечээ ант берип, мындан ары аткаруу бийлиги жалаң экономикалык гана маселелер менен алек болору, ал эми мыйзамчылар баштагыдай узунсабак саясий талаш-тартыштан тыш болору айтылууда.

XS
SM
MD
LG