Бүгүн таңкы үрүң-бараңда “Хамас” уюмунун жоокерлери Рафах шаарындагы чекара коргонуна дүрмөт коюп, жардырып салышты. Темир дубалда пайда болгон жаракалардын көбүн кийин жамап-жаап, бирок эки жерди ачык калтырышты. Көп өтпөй ошол жыртык-тешиктен жергиликтүү калк шаардын Египетке караган бөлүгүнө жайпап өтүп, азык-түлүк, дары-дармек, отун-май сатып ала башташты. Айрым дүкөндөрдү алеки саатта жылан сыйпагандай кылып “тазалап” кетишти. Чекара боюнда азыр адамдар кумурскадай кыжылдап аркы-терки каттап жатышат. Эки тараптан тең полиция алардын жолун тоспой, жөн гана көз багып турушат.
Газа тилкеси өткөн бейшембиден бери толук курчоодо турат. Израил чекарадагы өткөөл тоомдордун баарын жаап, алакандай аймакты туш-туштан камап салды. Районго газ берилбей, бензин келбей, жападан жалгыз электр станциясы иштебей калды.Майда-барат ишканаларда турсун ооруканаларда, наабайканаларда жана башка маанилүү социалдык обекттерде жумуш токтоду.
Израил камалоо операциясы менен жөөт кыштактарын маал-маал ракетадан аткылап турушкан Газадагы “хамасчыларды” жазалоону чечкен эле. Арап өлкөлөрү Газада гуманитардык кризис башталганын айтышып, маселени Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин чукул кароосуна киргизишти. Талкуу кечээ жыйынтыксыз аяктады.
Палестин-египет чекарасында түзүлгөн бүгүнкү жагдайга Израил өкмөтү кооптонуу билдирип,мунун жоопкерчилигин Каир бийликтерине жүктөдү. Газа менен Израилдин ортосундагы чекарадагы өткөөл пункттар дале ачыла электигин жөөт тышкы иштер министрлигинин өкүлү бышыктады. Ошол эле учурда ал районго абдан зарыл товарлар, дары-дармектер жөнөтүлүп жатканын, Газада гуманитардык кризис тутанышына Израил кызыкдар эместигин билдирди.