Бул тууралуу кыймылдын лидерлеринин бири Аликбек Жекшенкулов билдирди. Анын айтымында, жыйында Коомдук парламенттин жобосу талкууланып, бекитилет. Жободо Коомдук парламенттин курамы, иштөө тартиби аныкталат. Буга чейин кыймылдын координациялык кеңешинин жобосу бекитилген эле. «Акыйкат үчүн» кыймыл өткөн жылы өлкөдөгү оппозициялык партиялар, өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан түзүлгөн.(AiT)