Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

АКЫЙКАТЧЫ ИНСТИТУТУ КАНДАЙ ИШ АЛЫП БАРУУГА ТИЙИШ?


Акыйкатчы институтунун Кыргызстанда иш жүргүзө баштаганына беш жылдан ашуун убакыт болду. Башында Турсунбай Бакир уулу турган Акыйкатчы институтунун иши тууралуу түрдүү пикирлер бар. Айрым укук коргоочулар болсо беш жыл мурда түзүлгөн Акыйкатчы институту өзүн актаган жок, адам укугун коргоодон мурун саясатка аралашып кетти, деген дооматтарды айтышууда.

Буга чейинки кабарларда айтылгандай жакында эл аралык Хьюман райтс вотч уюму жыл өткөн сайын Кыргызстанда адам укугунун абалы начарлап бараткандыгын жарыялады. Айрым укук коргоочулар буга Акыйкатчы институту алгылыктуу иш алып барбагандыгы да таасирин тийгизип жаткандыгын айтышууда.

“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдурасулова 2002-жылы түзүлгөн Акыйкатчы институту өз функциясынан четтеп, саясатка аралашып кетти, деген пикирин “Азаттыкка” билдирген. Анын айтуусунда Кыргызстандын акыйкатчысы беш жыл аралыгында эки жолу саясий шайлоолорго катышты:

-2005-жылы мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн президенттик шайлоодо Турсунбай Бакир уулу өзүнүн талапкерлигин президенттикке койду. Андан кийин 2007-жылы декабрда өткөн парламенттик шайлоодо партиясынын атынан шайлоого талапкерлигин коюп, катышты. Ушул эки учурда тең биз байкадык Акыйкатчы институтунун кызматкерлери үгүтчүлөргө, жер-жерлердеги кеңселери шайлоо штабдарына айланып атты. Буга байланыштуу биз өз учурунда айтканбыз, билдиргенбиз. Мыйзам боюнча акыйкатчы саясатка аралашкан учурда ал кызматын толук тапшырып кетүүгө тийиш, бирок Турсунбай Бакир уулунун тушунда андай болгон жок, -дейт Азиза Абдурасулова.

Акыйкатчы институтунун түздөн-түз функциясы аксап келди, деген пикирин дагы бир укук коргоочу, Президенттин алдындагы адам укугун коргоо боюнча комиссиянын мурдагы төрагасы Турсунбек Акун да айтып келет. Анын айтуусунда, беш жыл ичинде акыйкатчыга кайрылган адамдардын санынан эки жыл ичинде адам укугун коргоо комиссиясына кайрылгандардын саны арбын болду. Турсунбек Акун Акыйкатчы институту элдин ишенимин актаган жок дейт:

-Элдин ишеними чоң болчу, Акыйкатчы институту эл үчүн иштеген, адам укугун коргогон чоң мекеме болот, деген ой бар эле. Бирок тилекке каршы Акыйкатчы институту муну актаган жок. Акыйкатчы институтуна келген арыз, даттануу каттарын бир мекемеден экинчисине которуп койгон мекемеге, адвокаттык конторага айланды.

Жакында эле Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу институттун беш жылдык иши тууралуу маалымат каражаттарына жана парламентке отчет берди. Акыйкатчынын айтуусунда бул аралыкта жарандар ички иштер министрлигинин жана сот органдарынын ишине байланыштуу арыздар менен көп кайрылган.

Ал эми абактарда кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрү өкүмчүлүк кылат, деген Турсунбай Бакир уулунун “Азаттыкка” айткан сөзү боюнча тартипти жана адам укугун сактайт делген мамлекеттик органдар тарабынан элдин укугун тебелөө күчөгөн:

-Хьюман Райтс Уотч уюму жарыялагандан кийин эле адам укугу бузулуп кетиптир деген туура эмес. Себеби биз ага чейин деле айтып келгенбиз. Мен жакында эле 2007-жыл үчүн берген отчетумда да айтып кеттим. Ооба, Кыргызстанда адам укугунун бузулушу көп. Бирок буга күнөөлүү ИИМ, сот органдары, анткени бул органдардын ишине нааразы болгон арыз-дооматтар бизге көп келет. Акыйкатчы институту өзүбүзгө келген арыздарды кароо менен эле чектелбейбиз, биз инспекцияларды жүргүзөбүз. Адам укугунун тебеленүүсүнүн алдын алуу үчүн биз психикалык ооруканаларга, абактарга, ооруканаларга, мектептерге жана жогорку окуу жайларына текшерүүлөрдү жүргүзөбүз. Бул да – адам укугунун тебеленүүсүнүн алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

Ушул тапта Кыргызстандын акыйкатчысынын ордуна талапкерлерди көрсөтүү жараяны жүрүп жатат.

Буга чейин президент Курманбек Бакиев тарабынан бул кызматка укук коргоочу Турсунбек Акундун талапкерлиги көрсөтүлгөн, ошондой эле азыркы акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу да кайрадан талапкерлигин коеру айтылууда.

Бүгүн бул орунга “Каракече” кожоюну атыккан Нурлан Мотуев талапкерлигин коерун билдирди. Акыйкатчынын ордуна анын талапкерлигин өзү жетектеген “Жоомарт” элдик кыймылы жана “Кыргызстан” укук коргоо кыймылы көрсөтүп атат. Нурлан Мотуев Акыйкатчы институту элдин ишенимин актаган жок деген пикирлер туура эмес, деп эсептейт:

-Турсунбай Бакир уулу абдан жакшы иштеди. Отчетунда билбейм канча деп жүрөт, беш миңби.. он миңге жакын арыздар канааттандырылган. Турсунбай Бакир уулу абдан жакшы иштеген.

Жакында эле мамлекет башчынын жарлыгы менен президенттин алдындагы адам укугун коргоо комиссиясы жоюлду. Жарлыкта айтылгандай комиссиянын иши Акыйкатчынын иши менен бириктирилмекчи.

Айрым байкоочулар бул Кыргызстандагы адам укугунун дагы да начарлашына алып келет, деп айтышууда. Албетте муну убакыт көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG