Бул орунга Светлана Сыдыкованы дайындоого макулдук берүү маселесин кароо сунушу бүгүн парламентке жолдонгонун президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Светлана Сыдыкова былтыр апрель айынан бери Конституциялык соттун судьясы. Баш мыйзамга ылайык, президент Конституциялык соттун жетекчисин Жогорку Кеңештин макулдугу менен беш жылга дайындайт. Бул орунду 1993-жылдан бери азыркы парламенттин төрага орун басары Чолпон Баекова ээлеп келген. Ал «Ак жол» партиясынын тизмесинде шайлоого катышып, жаңы парламенттин мүчөсү болгондон бери бул орун бош турат. (SM)