-Кыргыз өкмөтү менен канадалык “Камеко” корпорациясынын ортосундагы мунаса келишимди кечээ парламенттин эл аралык мамилелер жана парламенттик байланыштар комитети кароону кийинкиге жылдырды. Аны депутаттар Каржы полициясынын “Кумтөргө” каршы кылмыш ишин козгогондугу менен байланыштырды. Мындай чечимге сиздин пикириңиз кандай?
-Биринчиден, бул маселе туура жасалып жатат. Себеби бул коррупциялашкан долбоор болгонун бардыгы билет. Коррупциянын аягына чыгыш үчүн бул ишти мурда эле козгош керек болчу. Биз деле мурда эле айтып жүргөнбүз. Азыр иш козголуп, “Кумтөр Центерра Голд” компаниясы менен “Кумтөр Голд” компания мурда төлөнбөгөн салыктарды төлөп туруш керек он беш жыл ичиндеги. Алар15 жыл ичинде салыктар төлөнбөй турган келишим менен иштеп жаткан. Бирок келишим парламенттен ратификациядан өтпөгөндөн кийин булардын ошол келишим боюнча алган льготалары туура эмес. Алардын бардыгын эсептеп, булардын мойнуна коюш керек. Ошону менен бирге ошол коррупцияга жол ачкан биздин чиновниктер өз жазасын алыш керек. Өткөн Жогорку Кеңеште мен өзүм ошол мыйзамды жазып, киргизгем. Андан кийин парламентте биринчи окууда кабыл алынган. Ошол мыйзам менен нулевой вариантка келиш керек эле.
-Арслан мырза, кыргыз тарап кылмыш ачып сүр көрсөткөнүн “Камеко” корпорациясы коркутуу катары кабыл алып, жумушчу топ түзгөн долбоор боюнча өкмөттүн келишимин кийинкиге жылдырып, башка сүйлөшүүлөгө барышы мүмкүнбү?
-Мүмкүн. Себеби ушул жол менен барсак, биз эң биринчи келишимге келебиз. Ошого келгенде Кыргызстандыкы 67 пайыз, алардыкы 33 пайызга түшүп калат. Ага келсек, биздики үчтөн эки болот, алардыкы бирден үч болот.
-Айрым байкоочулар коррупционерлердин аракети менен “Центерра Голд” менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы келишим мурдагы абалына келип калуу коркунучу бар деген кооптонууларын айтууда. Ушундай чоочулоонун жөнү барбы?
-Бул коркунуч эмес. Мурдагы абалына келсе, бул биз үчүн жакшы. Биз тарап 66 пайыз алып калат.
-Менин айтайын дегеним Акаевдин учурундагы өкмөт түзгөн келишим сыяктуу "Камекодон" алынуучу каражатты чиновниктердин өз чөнтөгүнө түшүрүү аракетине кайрылып келбейби?..
-Азыркы коом ага жол бербейт. Мүмкүн ага жетпейт. Менимче, бул жерде башкасы болушу мүмкүн. Бул жерде эң коркунучтуусу – салыктар миллиард сом болуп чыгат. Эгерде ошолорду төлөбөйбүз деп булар кетип калса, ошондо биз башка компаниялар келгенде кайрадан коррупциялашкан бир долбоорго жол ачпасак деген кооптонуу бар.
-Ошондой болгон күндө канадалык компания эл аралык сотторго кайрылып,өз пайдасын, өз кызыкчылыгын коргоп калуу аракетин көрүшү мүмкүнбү?
-Мүмкүн, андан эч коркпош керек. Себеби азыркы мезгил үчүн абдан туура. Коррупция болгонун Каржы полиция Башкы прокуратура менен бирге далилдеп берсе, маселе чечилет. Дүйнөдө иштеп жаткан ишкерлер аны түшүнүп, туура кабыл алышат. Себеби коррупция менен бардык дүйнө жүзү күрөшүп жатпайбы.
-Маегиңиз үчүн рахмат.