Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

14:06 Алишер Саиповдун ишин ички иштер министри жеке көзөмөлүнө алды


Бул тууралуу ички иштер министри М. Конгантиев бүгүн маалымат жыйыны учурунда билдирди. Анын айтымында, тергөө иштерин жүргүзүүнүн мөөнөтүнүн аяктагандыгына байланаштуу убактылуу токтотулган Алишер Саиповдун иши кайрадан каралып баштайт. Министр Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу бир нече божомол боюнча иш жүрүп жатканын белгиледи. Саясый, диний негизде жана маңзаттарга байланыштуу деген божомолдор кылдаттык менен каралат, дейт М. Конгантиев. Министрдин белгилешинче, ушул ишти иликтөөдө Өзбекстандын ИИМи менен кызматташуу зарыл болуп калышы мүмкүн. (MSu)

XS
SM
MD
LG