Ички иштер министри М. Конгантиевдин билдиргенине караганда, ИИМди реформалоонун негизинде министрликтин башкы аппаратынын 148 кызматкери төмөнкү баскычтагы бөлүмдөргө которулат. Ошондой эле М. Конгантиев эктремизм жана террорчулукка байланыштуу кылмыш иштерин иликтеген 9-бөлүм эми миграция, адам сатуу жана улут аралык чатактарды иликтөө менен алектенмей болду. Ал эми террорчулук боюнча иштер УКМКнын карамагына өткөрүлүп берди. (MSu)