Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук ички иштер башкармалыгынын пресс-катчысы Дамира Юсупова 15-февралда маалым кылды. «Артык панжа» деп атыккан Абдулхай Юлдашев үстүбүздөгү жылдын 30-январында Өзгөн шаарында кармалып, буга чейин Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында сурак берген. Юлдашев 2006-жылдын май айында болгон куралдуу кагылышууга тийиштиги бар деп шектелип, ага “терроризм, улуттук араздашууну козгогон, тартип коргоо органдарынын кызматкерин өлтүргөн” жана башка бир топ айыптар боюнча кылмыш иши козголгон.(SA)