Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:13

ПУТИНДИН СӨЗҮНӨ ВАШИНГТОН ЭМНЕГЕ ТЕРИКТИ?


Муса Мураталиев, Москва Кечээ Москвада Владимир Путин чоң маалымат жыйынын өткөрүп ал жерде 5 саатка чукул журналисттердин суроолоруна жооп берди. Орус президентинин “эгерде Дмитрий Медведев мамлекетке башчы болуп шайланса, анда өкмөттүн төрагасы болуп келүүгө даярмын” деген билдирүүсүн АКШнын саясий төбөлдөрү сынга алды. АКШнын Мамлекеттик департаментинин ырасмий өкүлү Шон Маккормак “мындай кеп кайсы жагынан алба - дурус, чоң ийгиликтерге жетишип аткан жана жашоого ийкем демократиянын турпатына дал келбейт. Демейде мындай иштерди эл өзү чечүүгө тийиш”, - деди.

Кечээ президент Путин жылда бир маал өткөрүп келген жыйында кең залга журналисттерди жыйнап, алардын алдында оюндагысын төктү. Батыш менен болуучу алакага келген жеринде Путин эгерде, өз жерине америкалык ПРО - ракеталык чабуулдан коргонуучу системаны орнотууга уруксат беришсе, анда орусиялык ракеталардын Украина менен Польшага мээлене тургандыгын айтты. Владимир Путин оюнун этеги мындайча сөздөр менен аяктады:

-Мына ошондо биз ракеталарыбызды биздин улуттук коопсуздугубузга коркунуч туудурат деп эсептеген, андай объектерди каратып мээлөөгө аргасыз болобуз.

Орусиялык лидердин мындай кебине кечээ ырасмий түрдө НАТО кабатыр экенин билдирди. Ошол эле учурда ал уюмдун өкүлү Жеймс Аппатурай айтканга караганда, альянсты кеңейтүү-коюу чечимди НАТОго мүчө өлкөлөр кабыл алышат.

Кечээ сенаттар алдында чыгып сүйлөгөн мамлекетик катчы Кондолиза Райс да Кремлдик кожоюндун ачуу кебине ичи оору экенин билдирген:

-Советер Союзу эми жок, мен, Орусия ушуну түшүнөт деп үмүттөнөмүн. Биз Украинанын жана башка мурда Советтер Союзунун бөлүгү болуп келишкен мамлекеттердин эгемендүүлүгү менен көз карандысыздыктарын толук колдойбуз.

Ал эми АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Шон Макормак айтканга караганда Орусияда демократиялык жаңылануу жокко эсе. Ошого карабай АКШ аны менен алакалаш болушу керек :

-Биз орус өкмөт менен, кийинки президент менен алакабызды улантууга ниетибиз бар. Кийинки премьер-министр менен да, ошондой эле ал кеңсеге келүүчү ар кыл министрлер менен да ар түрдүү маселелер боюнча, айрыкча жалпы кызыкчылыгыбыз бар маселелерде баарлашууга туура келет. Эмне дегенде бул маанилүү алака, бул алака кеңири комплекстүү мүнөздө.

XS
SM
MD
LG