Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

16:46 Атбашы районундагы Карасуу айылында окуучулар суук мектепте окушууда


Атбашы районундагы Карасуу айылындагы Карыпбеков атындагы мектептин эмгек жамааты арыз менен Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү Зуура Үмөталиевага кайрылышкан. Анда жазылган арыз-дооматтарга караганда, аталган мектептин көмөкчү чарбасынан түшкөн 75 миң сом дайынсыз. 29-декабрда мектептин жылуулук берүүчү түтүгү жарылып, каражаттын жоктугунан оңдолбой жатат. Натыйжада 400гө чукул окуучу суук класстарда окушууда. Башталгыч класстын окуучуларына берилүүчү тамактын өлчөмү аз, шарт жок. Мектеп директору Зина Миңбаева арыз жазган мугалимдерди “губернатор Субаналиев кудам, дагы чоң тааныштарым бар” деп коркутуп жаткан учуру, дейт Үмөталиева. (JI)

XS
SM
MD
LG