Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

10:35 Москвада дагы бир кыргыз жараны өлтүрүлдү


Маалыматтарга караганда 27 жаштагы Жалалабаттык Таир Жамгырбаевди 19-февралда кечке жуук белгисиз бирөө артынан келип бычактап кеткен. Далысына жана мойнуна беш жолу бычак жеген жигит ошол жерден каза тапкан. Таир Жамгырбаев Москва шаарынын түштүк-батыш тарабындагы азык-түлүк сатуучу дүкөндө жүк түшүрүүчү болуп иштегени белгилүү болду. Бул иш боюнча жергиликтүү милиция кылмыш ишин козгогону айтылууда.
Бул жыл башынан бери Москвадагы улутчулардын колунан каза тапкан жетинчи кыргызстандык жаран болуп саналат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG