Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:01

08:16 Бүгүн Мекен коргоочулар күнүнө карата бир катар иш-чаралар өткөрүлөт


Бул күнү Бишкектин бардык райондук администрацияларында Мекенди коргоочулар күнүнө карата иш-чаралар орун алат. Ага Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери, Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жойгондор жана жоокерлер катышат. Иш-чараны өткөрүү үчүн Шаардык мэрия 1 миллион 336 миң сом бөлдү. Ушул күнү Тарых музейинде майрамдык концерт, эртең болсо “Аскердик каармандык” монументинин алдында салтанаттуу митинг өткөрүлөт. Ага Коргоо министрлигинин өздүк курамы, мектеп окуучулары, студенттер, согуштун, эмгектин ардагерлери, аскер кызматчылары катышары күтүлүүдө. Мекен коргоочулар күнүндө аскер кызматчылары бүткүл республика боюнча окуучулар үчүн “Ачык эшик күнүн” уюштуруп, аскер бөлүктөрүнө экскурсия жүргүзөт, деп кабарлайт Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы.

XS
SM
MD
LG