Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:27

18:08 Нарын облустук координациялык кеңешинин жыйыны эки чиновникти кызматтан алуу сунушун киргизди


22-февралда өткөн координациялык кеңеште Нарын облусунун прокурору Рүстөм Исаев облустук финансы полициясынын иши начар деп баалады. Аталган орган өткөн жылы болгону коррупция боюнча жети гана иш козгогон. Коррупцияга малынгандар айыл өкмөтүнөн башталат. Мисалы, Нарын жана Жумгал районундагы айыл өкмөт башчыларынын үстүнөн буудайды мыйзамсыз сатканы үчүн кылмыш иш козголгон.Координациялык кеңеш ошондой эле Торугарт терминалындагы бажы, санитардык көзөмөл, ветеринария, СПИД борбору сыяктуу кызматтардын ишин канаттандырарлык эмес деп тапты. Жыйынтыгында Нарын облустук финансы полициясынын жетекчиси Бакыт Асакеев менен Нарын шаардык ички иштер бөлүм начальниги Таалай Нуралиевди кызматтан алуу боюнча жогорку органдарга сунуш жиберди. (JI0

XS
SM
MD
LG