Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Аба ырайы: 25-февралда Кыргызстанда кар жаабайт


Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 25-февралда Кыргызстанда кар жаабайт. Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын кээ бир жерлерин туман каптайт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен сыдырым жел жүрөт.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн -4...-9, күндүз +8...+13 градус.
Талас дубанында түнкүсүн -8...-13, күндүз +6...+11 градус.
Баткен облусунда түнкүсүн -7...-12, күндүз +6...+11 градус болот.
Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн -3...-8, күндүз +8...+13 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн -3...-8, күндүз +3...+8 градус.
Нарын жергесинде түнкүсүн -19...-24, күндүз -2... +3 градус.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -5...-7, күндүз +9...+11 градус.

Күндүн узактыгы: 11 саат, 00 мүнөт.

XS
SM
MD
LG