Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

7:00 Коомдук парламенттин экинчи отурумунун күн тартиби бүгүн аныкталат


«Акыйкат үчүн» кыймылынан «Азаттыкка» кабарлашканга караганда, коомдук парламенттин экинчи отуруму марттын орто ченине белгиленүүдө. Анда өлкөдөгү адам укуктарына байланышкан абал, түштүк аймактардагы чек ара, коопсуздук маселелери каралышы мүмкүн. Экинчи отурумдун качан болоору жана кайсы маселелер каралаары бүгүнкү жыйында аныкталат. Ошондой эле бүгүн коомдук парламенттин курамын кеңейтүү жана жалпы элдик курултай уюштуруу маселелери да каралат. Курамында 50 мүчөсү бар коомдук парламент алгачкы жыйынын 20-февралда өткөрүп, энергетика тармагындагы абалды талкуулаган. (SM)

XS
SM
MD
LG