Коопсуздук Кеңешиндеги ишемби күнкү добуш берүү АКШнын чалгындоо кызматынын декабрдагы докладынан кийин түзүлгөн белгисиздикке чекит коюш керек.
Доклад Иран ядролук программасын 2003-жылы токтотконун билдирген. Ага таянып, Кытай менен Россия Иранга үчүнчү ирет санкция колдонууга көңүлсүнбөй турушкан. Бирок Кеңештин бейшемби күнкү масилээтен соң Британиянын Улуттар Уюмундагы элчиси Жон Соер санкция боюнча резолюциянын долбоору бышып калганын билдирди:
-Биздин саясатыбыз: айрым бир чараларды колдонуу менен Коопсуздук Кеңешинин мурдакы резолюциялары боюнча Иран өзүнө алган мыйзамдуу милдеттенмелерди аткартууну көздөйт. Ошондой эле, Ирандын милдеттенмелерди аткаруусу үчүн жана эл аралык коомчулукту жоошутуу максатында Тегеран менен алышып жатабыз.
Жаңы резолюция Ирандын ядролук программасына катышы бар ырасмий адамдардын тыш жакка чыгуусун чектөөнү, компанияларды каржылоону кыскартууну сунуш кылат. Андан тышкары Ирандын эки банкы жүргүзгөн операцияларды жана тыюу салынган товарлар жүктөлгөн деп шектелген кемелерди текшерүүгө уруксат берүүгө чакырат.
Британия жарнакташып киргизген бул долбоорду Коопсуздук Кеңешинин вето укугуна ээ беш мүчөсү жана убактылуу алты мүчөсү колдоп, төрт өлкө арсар турганы маалымдалды. Аны кабыл алуу үчүн тогуз добуш жетиштүү.
Россиянын элчиси Виталий Чуркиндин сөзүнчө, Иран уранды байытууну токтотсо, Москва жаңы санкцияны колдомок эмес:
-Биздин оюбузча, бул чара Ирандын уранды байытууну токтотуп, эл аралык коомчулуктун талабын аткарганга жакшы мүмкүнчүлүк берет. Анткени Ирандын атомдук станциясынын жакынкы жылдардагы бардык керектөөсү канааттандырылган. Тилекке каршы, бул жагдай - Коопсуздук Кеңеши карап жаткан резолюцияны кабыл алууга жолтоо боло албайт.
Тегеран болсо Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик же МАГАТЭ акыркы докладында Ирандын ядролук программасы мурдагыга караганда бир кыйла ачык болуп калды дегенин бетке тутуп, жаңы санкция киргизүүүгө мыйзамый негиз жок деп эсептейт. МАГАТЭ ошол эле докладында Иран уранды байытууну токтотпогонун билдирген.