Мурунку депутат, Революциялык комитеттин төрагасы Азимбек Бекназаровдун айтымында Курманбек Бакиев учурда Германияда жүрөт. А. Бекназаров президент ар дайым кайда жана эмнеге кеткенин айтышы керектигин белгилөө менен, Бакиевдин бул сапары азыр анын ордуна ким жооптуу, саясий кырдаал курчуп турганда эмнеге кетти, ал балким оппозициялык күчтөрдү алсыратууга көрсөтмө бергендир деген сыяктуу күдүктүү суроолорду жаратаарын, кийин Аскар Акаевдей болуп дарыланып жүргөм, эч нерсе билбейм деп чыга келбес бекен деген оюн бүгүн маалымат жыйында билдирди. Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев К. Бакиев чын эле 3-16-мартка чейин кыска мөөнөттөгү эс алууга чыкканын айтып, бирок Германияда жүрөт деген маалыматты азырынча тастыктай элек. (EBM)