Даниялык маалымат каражаттарындагы пайгамбардын сүрөттөрүн карикатуралоого каршы ооган парламентинин алдында өткөн жыйынга 200гө чукул киши катышты. Алар ошондой эле жакында Нидерландда болуучу Куранды сындаган тасмага да нааразылыгын билдиришип, Дания менен Нидерланд өкмөттөрүн кудайды жаманатты кылууга жол бербөөгө чакырышты.