Мамлекеттик кызмат иштери боюнча мамлекеттик агенттик 2007-жылга карата киреше декларациясын бербеген депутаттардын жана башка кызматкерлердин тизмесин жарыялаган. Анын ичинде парламенттин 26 депутаты, негизинен “Акжол” фракциясынын 21 мүчөсү аталган. Буга байланыштуу кечээ ЖК айрым депутаттары киреше декларациясын тапшырышты, деп кабарлайт парламенттин басма сөз кызматы. Алар: Санжарбек Кадыралиев, Хусеин Коркмазов, Иса Өмүркулов, Улукбек Ормонов, Афтандил Арабаев, Раиса Сидоренко, Бейшебек Акунов, Зулхабира Бекенова, Айнур Кенжебаева, Бакыт Төрөбаев. (ZKo)