Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:15

И.ӨМҮРКУЛОВ: МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА ШАЙЛОО ӨТӨТ ДЕСЕ ТАҢ КАЛБАЙМ


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Кумтөр маселеси жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Жогорку Кеңештеги Социал-демократиялык партиянын депутаты Иса Өмүркулов жооп берди.

-Иса мырза, мына учурда Кумтөр маселеси коомчулуктун бүйүрүн кызыткан маселе болуп келүүдө. Буга чейин мурдагы премьер-министр Алмазбек Атамбаев канадалыктар менен бир пикирге келиштик деди эле. Эми айрым депутаттар тарабынан 2003-жылдагы кыргыз өкмөтүнүн келишимин жокко чыгаруу маселеси көтөрүлдү. Бул жерде кандайдыр бир саясий оюндун илеби жокпу?

-Менин оюмча, ушундай саясий оюндардын илеби келгендей болуп жатат. Себеби өткөн жылдын этегинде канадалыктар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, 32 миллиондон ашык акцияны берип, акча түрүндө болсо бул 1 миллиард доллардан ашык каражат болот. Мына ушул каражатты бүгүн ошол келишимдин негизинде алып, макулдук берип, мамлекет бүгүн каржылап жатат.

Эми айрым депутаттардын чыгып, сотко беребиз, мурунку келишимди калыбына келтиребиз деген сөздүн дагы негизи жок. Себеби алардын бардыгы юридика жагынан терең такталып, бардыгына кол коюлган. Ал эми ошол келишимди бузуу үчүн Эл аралык экономикалык сотко беришибиз керек. Ал жак дагы каражат талап кылат. Анан ал жактан утушубуз дагы күмөн. Ошондуктан бул күндө ошол каражатты алып, экономикага жумшасак жакшы болот эле. Мен макулмун, эгерде ушул сүйлөшүүлөрдүн негизинде 32 миллион акциядан ашык дагы ала турган болсок, анда аны колдойт элем. Бирок мен ага бүгүнкү күндө ишенбей турам.

-Иса мырза, мына апрель айында азык-түлүк кымбаттайт деген маалымат бар. Буга кыргыз өкмөтү даярбы? Дегеле өкмөттүн азык-түлүк коопсуздугу боюнча бир программасы барбы?

-Жалпы элге маалым, ушул боюнча өкмөт алдында коопсуздук кеңешме өткөн болчу. Тилекке каршы бүгүнкү кыймыл-аракети кандайдыр бир көмүскөдө калып жатат. Анын элге жалпы айтып алып, ошол бойдон эмне чара көрүп жатканы жакшы белгилүү болбой жатат. Мына сиз айтып жатасыз, кымбаттаган жатат деп. Кымбаттап эле баштабадыбы. Мына бүгүн бир мүшөк ун 200 сомго кымбаттады. Суу май, эт-сүт, чай-чамектин бардыгы кымбаттап жатат. Эми ага каражат жумшап, алдын ала бир иш-чараны көрүү бүгүн өкмөттүн колунан келбей жатат окшойт. Себеби билесиздер 100 миллион сом бөлүнгөн, ушул азык-түлүк коопсуздугу үчүн деп. Ал 100 миллион биринчиден кимге жетет? Ал 100 миллион кимге кетти? Ал дагы чоң күмөн туудуруп жатат. Ошону менен бүгүн күйүүчү майдын баалары өсүп жатат. Үрөн кымбаттап жатат. Эгерде жаз алды менен биз ошол эгинди эгип ала албасак, күздө эмне оробуз? Тамак-аш жагын кандай кылабыз? Бул дагы чоң маселе болуп турат.

-Иса мырза, Курманбек Бакиев мөөнөтүн 7 жылга өзгөртүшү мүмкүн деген божомолдор пайда болду. Чынында эле президенттин мөөнөтүн 7 жылга узартууга мүмкүнчүлүгү барбы? Буга сиздин көз карашыңыз кандай?

-Өткөндө Путин кетип жатып ушул КМШ өлкөлөрүн лидерлеринин бардыгын Москвага чогултту эле. Ошондо бир көрүнүштү байкадым: ошол эле Рахмонов, Назарбаев, Каримов отурат. Алар менен иштеген Ельцин дагы кетти. Андан кийин иштеген Путин дагы кетип жатат. Баягылар эле отурат да. Анан мен ойлойм ошол оору бизге дагы тийбесе экен деп. Себеби мурдагы өлкө башчысы ошону менен ооруду эле. Ошон үчүн мен бүгүн ойлоп турам, ошол сөздөрдүн чыгышы эле өзүнчө бир даярдыкпы депчи. Бул баягы “элдин пикири кандай болду экен?” деген иш жүргүзүлүп жаткандай сезилүүдө. Ошондуктан эгерде эртең “мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтөт” десе мен таң калбайм.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG