Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:00

11:55 “Менин Кыргызстаным” аттуу университеттер аралык кыргыз тилинде пикир айтыш өтөт


Чечендер кыргыз тили өлкөдө жалгыз расмий тил болуп кабыл алынышы керекпи же жокпу, жоогазын ыңкылабынын оң-терс таасири, жердешчилик, сөз эркиндиги, диний уюмдар, өлкөнүн өткөөл мезгилинде билимдүү жаштардын орду жана ролу сыяктуу маселелер боюнча талашып тартышышмакчы. Бул иш-чаранын уюштуруучулары дебаттар аркылуу студенттер арасында кыргыз тилинин көбүрөөк колдонулушун жайылтууну көздөшүүдө. Дебаттык турнир 16-мартта Борбор Азиядагы Америка университетинде “Перемена” коомдук корунун жардамы менен өткөрүлмөкчү. Дебаттык турнирлер Кыргызстанда 1996-жылдан тарта уюштурулуп келет. Бүгүнкү күндө мындай кыймылга ар кайсы окуу жайлардан төрт жүздөн ашуун студенттер кирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG