Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:08

07:45 З. Курманов: 24-март - бийлик менен эл бирге болушу керектигин көрсөткөн сабак болушу керек


Мындай пикирин «Ак жол» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Зайнидин Курманов «Азаттыкка» берген интервьюсунда билдирди. Депутаттын айтымында, 24-мартта бийлик алмашты, бул күнү чыныгы революция болду. «Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эл аралык жана мусулмандардын майрамдары гана бар. Улуттук майрамдар жокко эсе. 24-март белгиленчү бирден бир улуттук майрам болот. Эл үчүн, бийлик үчүн, башка коңшу мамлекеттер үчүн да бийлик эл менен бирге болушу керектигин көрсөтүп турган сабак болушу үчүн бул күндүн майрам катары белгиленишин туура деп эсептейм»,деген көз карашын З.Курманов 24-марттын майрам күнү катары белгиленишине байланыштуу билдирди. (MSu)

XS
SM
MD
LG