Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

Иранда парламенттик шайлоо өттү


Бул - 1979-жылдагы ислам революциясынан берки сегизинчи шайлоо. Парламенттеги 290 орун үчүн консервативдик маанайдагы эки, реформачыл маанайдагы бир топтун өкүлдөрү күрөшүүдө. Шайлоо алдында талапкерлердин ислам революциясынын идеяларынан берилгендигин текшерүүчү орган – Көзөмөл кеңеши реформачылардын 1700дөй өкүлүн шайлоодон четтеткен. Аналитиктер, шайлоонун жыйынтыгы президент Махмуд Ахмадинеджаддын калк арасындагы бедели төмөндөгөнүн көргөзүшү мүмкүн экенин белгилешүүдө. Көптөгөн ирандыктар инфляциянын 19%дан ашуунга, жумушсуздуктун 10%дан ашуунга көбөйгөнүнө нааразы. Кезектеги президенттик шайлоо Иранда келерки жылы болот.

XS
SM
MD
LG