1988-жылдын 16-мартындагы кыргында тирүү калган Керуан ал күндү кинонун тасмасындай көз алдынан чубуртуп, унута албайт:
- Бул жаздын керемет бир күнү болчу. Саат 11ге чукулдап калганда, жүрөгүм бир жамандыкты сезип, тим эле дүпүлдөп сокту. Бир нече мүнөттүн ичинде Халабжа дүңгүрөп, учактар бомба таштай баштады. Бомба көбүн эсе шаардын түндүк бөлүгүнө ташталды. Биз үйдүн жертөлөсүнө качып бекиндик. Түшкү экиден соң бомбалоо токтогондо сынган темирдин кулакты араалаган үнүн эшиттип, бул эмне экенин түшүнбөдүм. Ошол тушта үйүбүзгө бир киши жүгүрүп кирип: «Газ! Газ!» деп кыйкырды. Машинебизге шашыла түшүп, терезени жаап, качып жөнөдүк.
Машине ажалсыз өлгөн адамдардын денелерин тепсеп баратты деп ойлойм. Сулап жаткан, кусуп жаткан, тырп этпей жыгылгандан мурда жинди немедей каткырган адамдарды жол бою көрүп жаттым. Кийинчерээк алманын жытындай ысты жыттап, эс-учумду жоготуп койдум.
Керуан эсине келип, көзүн ачып, тегерегинде чалгы менен чапкандай сулап жаткан адамдардын денесин көрөт. Ордунан туруп, жакын жердеги үйдүн жертөлөсүнө барып баш калкалайт:
- Айлана-тегеректи мурунду жарган, чириген таштандылардын коңурсугу сыяктуу сасык жыт каптап жатты. Анын ысы бир маалда алманын жытындай болуп өзгөрдү. Андан кийин мурдума сасыган жумуртканын жыты келди. Бир кыйла убакыттан кийин Ирактын аба күчтөрү Халабжага химиялык бомба таштаганын билдик.
1980-88-жылдардагы Иран-Ирак согушу Халабжага чектеш аймактарда өткөн.
Химиялык бомба жарылганда фугастык бомбадай катуу үн чыгарбайт. Ошон үчүн согушта кулагы бомбага көнгөн эл кубатсыз жардырууга адегенде көңүл бурган эмес.
Халабжанын эли химиялык бомбадан кантип коргонгонду билишкен эмес.
Жергиликтүү бийликтер да элди көчүрүү үчүн эч нерсе кылбаган.
- Бир аз мурда басып жүргөн жакын досторум жалбырактай болуп жерде жатышканы көз алдымда. Чымчыктар да уясынан жерге кулап жатты. Малдар да адамдардай эле бутунда турбай жыгылып жатты. Кубаты барлар, машинелүүлөр шаардан чыгып кетип жатышты. Бирок майда балалуулар шайы качып, шаарда калышты жана газга ысталып көз жумушту, - деп эскерет Керуан.
Химиялык чабуулдун артынан эле Халабжага кетчү даңгыр жолдор катуу бомбалоого алынган.
Бул күрт аял жыйырма жыл мурдакы химиялык чабуулда ата-энесин, агасын жана беш бир тууганын жоготкон.
- Химиялык чабуулдун кесепетинен менин үй-бүлөм жети адамдан айрылды. Жанагы каран урган бомбалоодон үч же төрт күн мурда баарыбыз чогулганбыз.
Саддам Хусейн аймакты дембе-дем бомбалатты. Биз адегенде артиллериялык чабуул көпкө созубайт деп ойлогонбуз. Бирок анын артынан эле химиялык курал колдонулду. Чабуулдун кесепетинен атам, агам, апам жана төрт бир тууганымдан айрылып калдым.
Атын атагысы келбеген бул аял бомбалоодон жабыркаган адамдарга келген гуманитардык жардамды Түндүк Ирактын күрт бийликтери калыс эмес бөлгөнүн айтып өксүйт.
Атап айтканда, бир азаптан башы тирүү чыккан адамдарды, жетим-жесирине карабай, өз жана жат деп бөлүп, өзгө олчойто, жатка жука жардам берилген:
- Коогада бир адамды жоготкон үй-бүлөгө жети адамынан ажыраган үй-бүлөдөй эле акча берилгени кейиштүү. Биздин оюбузча, мындай болбош керек. Адилеттүүлүк болуш керек: жети жанды көмгөн үй-бүлө менен бир жанды көмгөн үй-бүлө теңелбеши шарт.
Халабжага жакында Ирактын премьер-министри Нури ал-Маликинин өкүлү Рашид Мажид Салих баштаган делегация келип кетти.
Алар химиялык чабуулдан кесепетинен оорукчан болуп калган үй-бүлөлөр менен кездешип, кандай жардам берүүнүн жолдорун сүйлөштү, 20 жыл мурдакы алаамат окуянын айрым деталдарын тактады.
Салих «Эркин Ирак» радиосуна айтышынча:
- Химиялык чабуулдан жараат алган жана кеселге чалдыккан адамдардын баары дары-дармек алышпайт жана аларды дарылаган доктурлар да жок. Андыктан алар дарылануу үчүн чоң чыгым тартып, башка өлкөлөргө барышат. Бул ирактык жарандардын түйшүгүн ого бетер оорлотууда. Халабжада рактын түрдүү илдетине чалдыккан, дем алуу органдары оору адамдар көп. Чабуулдун социалдык жана психологиялык кесепеттерин жеңилдетүүнүн жолдорун кылдат аныктап, тийиштүү жардам көрсөтүүбүз абзел.
«Эркин Ирак» үналгысынын кабарчысы аз-Зубайди али да Халабжада 20 жыл мурдакы бомбалоодо капталы же чатыры кулап, алиге оңдоло элек үйлөр көп экенине күбө болду.
Ирак өкмөтү Халабжанын эски жараатын «оңдоп-дарылоого» 5 миллион доллар каражат чегермекчи.