Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:56

ТҮРКИЯ: МАМЛЕКЕТТИК ПРОКУРОР АК ПАРТИЯНЫН ИШМЕРДИГИН ТОКТОТУУНУ ТАЛАП КЫЛУУДА


Аким Өзгөн Түркия Мамлекеттик прокурордун шарыят режимин эңсеген антилайик иш-аракеттердин очогунa айланып калган деген негизде айыптап башкаруудагы Адилет жана Өнүгүү партиясынын ишмердигине тыюу салууну талап кылуусу Түркияда саясий ландшафтта болгон өңдүү эл ичинде дагы чоң ызы-чууну пайда кылды.

Мамлекеттик прокурордун башкаруудагы Ак партияны өлкөдө шарыят режимине өтүүнүн тымызын даярдыктарын көрүп жатат деп айыптап Конституциялык Сотко кайрылуусу Түркияда башкы маселеге айланып калды. Саясат чөйрөлөрүнөн тартып юристтерге, профсоюздардан тартып академиктерге чейин элдин кеңири катмары, кийинки жарым кылымдын ичинде 27 саясий партия бул же тигил себептер аркылуу жабылып салынган бул өлкөдө шайлоочулардын 47 пайызынын добушун алып өкмөт курган Ак партиянын тагдыры дагы окшош болобу деген табышмактуу суроонун жандырмагын издешүүдө. Партиянын башчысы премьер-министр Режеп Т. Эрдогандын өзүнүн ишениминде прокурордун бул актысы анын партиясын ого бетер күчтөндүрөт.

“Биздин добуштарыбыз артат. Биз өкмөттөбүз жана эч ким бизди жолубуздан тайдыра албаит”,- деп билдирген Режеп Тайып эки күндөн бери партиясынын жогорку даражалуу өкүлдөрү менен бул опуртал туюктан чыгуунун мүмкүнкүлүктөрүн талкуулап жатат. Такталбаган маалыматтарга ылайык, Ак партиянын көсөмдөрү адегенде кырдаалды жеңилдетип, келерки айлардын ичинде өлкөнүн башкы мыйзамын саясий партиялардын жабылуусуна жол бербей турган жаңысы менен алмаштырууну ойлоп жатышат.

Премьер-министр Эрдоган демократияга садага чабылган партия кейпин кийгизип өзүнүн партиясын бул жолку кыйчаш абалдан ого бетер күчтөнүү менен алып чыккысы келет деген түкшүмөл ойлорго оппозициядагы МХПнин лидери Девлет Бахчели да кошулду.

“Адилет жана Өнүгүү партиясынын жабылуусу жөнүндө башталган мыйзамдык жараян өлкөдө саясий күн тартипти аңтар-төңтөр кылуу менен эле чектелбестен, бул окуянын алкагына камалып калган Түркия абдан опуртал бир учурга кадам таштап жатат”,- деп баса белгиледи Девлет Бахчели.

“Конституцияга төп келген менен башкы прокурор козгогон бул иш өкмөт башчысына, демократиянын байманаларына садага кеткен каарман мужахит ролун ойноого мүмкүнчүлүк берди. Урматтуу өкмөт башчысы садага кеткен курмандык адабияты менен элдин сезимдерин эксплуатациялап, саясии жоопкерчиликтен кутулгусу келүүдө. Прокурордун бул кайрылуусу Адилет жана Өнүгүү партиясына бул багытта саясий бир допинг таасирин алып келүүсү, тагдырдын өкүнүчтүү бир тамашасы катары бааланышы керек”,- деп бышыктады Девлет Бахчели.

Айта кетсек, башкы прокурор өткөн жума күнү Конституциялык Сотко жолдогон 162 барактан турган кайрылуусунда жогоруда айтылган себептердин чегинде Ак партиянын ишмердүүлүгүнүн токтотунуу жана анын премьер-министр Эрдоган жана партиянын мурдагы мүчөсү учурда президенттик кызматтагы Абдуллах Гүлдү да кошуп алганда 71 жогорку даражалуу жетекчини 5 жылга саясаттан четтетүүнү талап кылды. Саясат чөйрөлөрү дээрлик өлкөдө саясий бир партиянын жабылуусун талап кылгыдай шарттардын жаралган болушуна өкүнүч билдиришкен менен, көпчүлүк лидерлер, адвокат уюшмалары, айрым академиктер, биилик бутактарынын ортосундагы тең салмактуулукка астейдил мамиле жасоого үндөшүп, соттун чечимин күтүп турууга чакырышууда.

XS
SM
MD
LG