Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:37

11:05 Кыргыз улуттук университетинде Илимий жана электрондук маалыматтар окуу залы ачылат


Илимий жана электрондук маалыматтар окуу залынын ачылышы илимий кызматкерлердин илимий маалыматтардын басма жана электрондук түрүн эффективдүү колдонуусуна байланыштуу. Окуу залы 80 орундукка эсептелген. Анын ичинен китепкананын электрондук каталогунан жана Интернеттен маалыматтарды издөө үчүн 10 компьютердик орун берилген. Окуу залындагы китеп фонду 3 000 нусканы түзөт. Буларга илимий эмгектер жана монографиялар, энциклопедиялар, маалыматтагычтар, сөздүктөр, экономикалык, социалдык-гуманитардык, журналистика жана компьютердик-информациялык технологиялар илимдери боюнча илимий-практикалык конференциялардын материалдары кирет. Бул жерде дагы 37 аталыштагы журналдар жана 17 аталыштагы газеттер камтылган республикалык жана чет элдик басмалардын фондусу бар. Илимий жана электрондук маалыматтар окуу залынын ачылыш аземы бүгүн болгон жатат. (KCh)

XS
SM
MD
LG