Грузия менен Украинанын НАТОнун Мүчөлүк планына кабыл алынбай калышын Кошмо Штаттары жана Германия менен Франция арасындагы таймаштын натыйжасы катары караган көзкараштар бар. Андай пикир ээлеринин айтымында, Европа бул ирет өз кызыкчылыгын биринчи орунга коюп, «реалдуу саясат» жүргүздү.
Франция жана Германиянын жетекчилиги Украина менен Грузияны НАТОнун мүчөлүгүнө өтүү планына кошулуусу Россия менен каршылашууну күчөтөт деп санашат. Же эки өлкөнү аталган планга кошуу «Европадагы жана Европа менен Россия арасындагы саясый баланска ылайык келбейт», - деп түшүндүрдү Франциянын премьер-министри Франсуа Филлон.
Ошентип, Европа үчүн НАТОго постсоветтик эки өлкөнү кошулганына караганда, Москва менен жакшы ымалада болуу маанилүү экенин Бухарест саммити көрсөттү .
Бирок Бухарест саммити пост-советтик эки өлкө тең болочокто НАТОго толук укуктуу мүчө болуп кабыл алынат деп убада берди. Мындай бүтүмгө өтө ыраазы болгонун Украин президенти Виктор Ющенко ошол замат билдирген:
-Муну жеңиш деп гана билүү керек. Эмне үчүн экенин мен түшүндүрүп берейин. Себеби бүгүнкү документте биринчи жолу НАТОго мүчө 26 мамлекет бул өлкөлөрдүн (Украина менен Грузия) НАТОго мүчө болуусунун негизги принциптерин такташты.
Анткен менен, айрым басылмалар АКШ жетекчилиги Бухарестте европалык союздаштардан 2003-жылкы Ирак согушу алдындагыдай колдоо таппаганына көңүл бурушту. Мисалы, Франциянын «Ле Монд» гезити АКШнын НАТОну кеңейтүү аракетине европалыктар бут тосконун жазса, «Фигаро» президент Саркози жана канцлер Меркел Европанын эркин Жорж Бушка таңуулай алышканын жазды.
Германиянын «Хандельсблатт» гезити «Франция жана Германиянын Бухарестте «жок» дешкени бир жолку вето жарыялообу же НАТОдогу бийликтин алмашканын билдиреби?» деп суроо коет.
Маселенин мындай коюлушу бир жагынан Украина менен Грузияны НАТОго же Евробиримдикке өтүүгө даяр эмес экенине да байланыштуу. Биримдиктин тышкы иштер комиссары Хавьер Солана 8-апрелде билдиргенге караганда, Украинанын саясый элитасында НАТОго өтүү боюнча биримдик жок. Ал эми Грузия оболу өлкөнүн ички проблемаларын: Абхазия жана Түштүк Осетия чатагын жөндөшү шарт.