Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:55

11:38 Укук коргоочулар: “Адахан Мадумаров сотторго басым көрсөтүп жатат”


Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров “БШК шайлоонун жыйынтыгын жарыялабаганы үчүн эч кимге отчет берүүгө милдеттүү эмес” дегени сотторго карата жасалган ачык басым жана мыйзамды бузууга жол берилгенинин мисалы. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын бир топ укук коргоочулары президент Курманбек Бакиевге жолдогон кайрылуусунда билдиришти. “Демократия жана жарандык коом үчүн” Коалициясынын БШКга каршы арызы сот тарабынан кабыл алынганы белгилүү. Шайлоо кодексине ылайык, БШК добуш берүүнүн жыйынтыктарын эки аптанын ичинде жарыялашы керек болчу. Бирок мыйзамдын бул талабы азырга чейин аткарыла элек. Бул боюнча укук коргоочулардын арызы сотто каралып жаткан кезде Кыргызстанда башкы мыйзам чыгаруучунун ролун аткарууга далалаттанган А.Мадумаровдун бул өңдүү билдирүүсү сотторго карата жасалган ачык эле басым”, - деп айтылат документте. Андыктан укук коргоочулар Конституциянын гаранты катары президентке кайрылып, мындан ары өлкөдө эл көзүндөгү саясатчылар сотторго кысым көрсөтүүсүн токтотушун камсыз кылууга чакырышты. Кайрылуу Кыргызстандагы адам укугун коргоочулардын консультациялык-координациялык борбору, “Ачык позиция” коомдук кору, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы, ошондой эле “Психикалык ден-соолук жана коом” уюму тарабынан жөнөтүлгөн. (TD)

XS
SM
MD
LG