Уюмдун Азык-түлүк жана Айыл-чарба агенттиги билдиргендей, күрүч менен буудайдын баасы былтыр эки эсеге өстү жана келерки жылы да айрыкча жарды өлкөлөрдө баалар өсө бермекчи. Учурда 37 өлкө, анын ичинде Ирак, Ооганстан жана Тажикстан азык-түлүк кризисин баштан өткөрүп жатышат.