Ашхабадда президент Гурбангулы Бердымухамедов европалыктарга көбүрөөк газ жөнөткөнгө убада бергенин Еврокомиссиянын өкүлү Кристина Хоманн бышыктады. “2009-жылы Европага он миллиард кубометр газ ташып келгенге мүмкүндүк түзүлөт”,- деп айтты ал. Муну Хоманн Брюсселдин “чоң ийгилиги” деп баалады. Ошол эле учурда Ашхабад Евросоюзга азырынча бүдөмүк гана кепилдиктерди бергенин моюнга алды.
Ашхабаддагы сүйлөшүүлөрдө түркмөн газын тартып келүүнүн так маршруттары да такталган жок. Деген менен Хоманн “көгүлтүр отунун” Түркмөнстан Европага тике жолдор менен жеткиргенге убада бергенин белгиледи.
“Бул жерде үч вариант болушу мүмкүн, - деп айтты Хоманн. - Биринчиси - Түркмөнстан менен Азербайжанды туташтыра турган Каспий долбоору; мындан тышкары Казакстан аркылуу Азербайжанга чыкканга жол бар, акырында газды суюлтулган түрүндө деңиз кемелеринде ташып келгенге болот”.
Кокус бул пландар жүзөгө ашса, анда, албетте, европалыктардын орус газынан көз карандылыгы азаймак. Бирок британдык The Financial Times Түркмөнстандагы газдын кору бардык долбоорлорду толук камсыз кыла аларына күдүктөнөт.
Ашхабад ушу тапта эле Россияга, Иранга газ экспорттойт. Эмдиги жылы Түркмөнстан менен Кытайды туташтырган газ кууру курулуп бүтөт. 2013-жылга барып Nabucco долбоору ишке берилет, буга кошумча Ооганстан аркылуу келечекте түштүк маршрутун ачканга да пландар бар. Ушунчалык чоң масштабдагы газ куурларын Түркмөнстан “көгүлтүр отун” менен толтура алабы?
Түркмөнстанда азыр өндүрүлгөн жана чалгындалган газдын бардык запасы күн мурунтан эле бөлүштүрүлүп калган.