Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:04

Э.АЛИЕВ: “АР НАМЫС” МЕНЕН “АКЫЙКАТ ҮЧҮН” КЫЙМЫЛЫ БИР ЖОЛДО


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кечээ “Ар намыс” --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/96062130-81B6-44A2-946B-0D6FD831B84E.asp партиясы 2007-жылы 16-декабрдага парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымат алган болчу. Буга байланыштуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна аталган партиянын төрагасынын орун басары Эмил Алиев жооп берди.

-Эмил мырза, кечээ сиздер тараткан маалыматта Борбордук шайлоо комиссиясынын ушул парламенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу жиберген маалымдамасы бул жолу дагы толук берилген жок деп айтылган экен. Ушул тууралуу кененирээк айтып өтсөңүз.

-Биз Борбордук шайлоо комиссиясынан болгону бир гана нерсени сураганбыз: ар бир саясий партия аймак-аймак боюнча канчалык деңгээлге жетишкен, кандай добушка ээ болгондугу тууралуу маалымат. Себеби азыркы кезде мыйзам боюнча эгер республика бирдиктүү округ болгондон кийин БШК округдук комиссия катары иштейт. Ошондо ар бир аймактан алынган маалыматты алар өздөрү алат дагы эсептейт. Аларда бардыгы бар. Ошону бизге бергиле деп талап кылдык. Себеби бизге жана башка партияларга дагы керек болушу мүмкүн. Кайсы райондо, кайсы айылда кандай иштедик, бизде кайсы жерде колдоо бар экен, кайсы жерде жок, ошол жерде кайра ишти күчөтүш керек деген эле мааниде айтылды.

-Эмил мырза, өткөн ишембиде болуп өткөн элдик курултайга “Ар намыс” партиясынын лидери Феликс Куловдун келбей калганы коомчулукта түрдүү пикирлерди жаратты. Ошонун себебин айтып кетсеңиз.

-Феликс Кулов курултай мурдагы мөөнөткө айтылганда Кыргызстанда жок болчу. Кыргызстанга келгенде бир аз ооруп калган болчу. Ошон үчүн катышкан жок. Болбосо өзү айта турган сөздөрүнүн бардыгын маалымат катары гезиттерге бастырып туруп, биз бардыгын таратып бергенбиз, башка жерлерде дагы айттырган болчубуз.

Феликс Кулов айта турган сөздөрдү, биздин айта турган сөздөрдүн бардыгы Бөдөш Мамырова курултайдан сүйлөгөн болчу. Мисалы, ошол жерден биз ”Ар намыс” партиясы кризистен чыгуу жолун, программаны сунуш кылганбыз. Аны бул чечимге киргизели деп аракет кылып жатабыз.

-Демек “Ар Намыс” партиясы “Акыйкат үчүн” кыймылы жана Коомдук парламент менен ажырым жолдо эмес экен да?

-Жок, андай эмес.

-Учурда саясий партиялар күзүндө өтө турган Бишкек жана Ош шаардык кеңешине шайлоого даярдык көрүп жатышат. Сиздердин партияда ушул жагдай кандай болуп жатат?

-Сөзсүз. Ар бир саясий партия түзүлгөнү – ушул шайлоолорго катышабыз, ошол шайлоо аркылуу бийликке жетебиз, бийлик аркылуу программаларды ишке ашырабыз деген максат менен түзүлөт. Ал Конституцияда деле ошондой жол көрсөтүлгөн.

-Демек даярдык болуп жаткан турбайбы?

Сөзсүз.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG