Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:45

Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү!


17-18-апрель күндөрү Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт: Чүй, Талас жана Ысыккөл облустарынын өрөндүү жерлеринде жамгыр жаап, ал карга айланат.

18-19-апрелде Чүй, Талас, Ысыккөл, Нарын облустарында жана Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында 0… -5 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Үшүк жылуулукту сүйгөн өсүмдүктөргө өз залакасын тийгизиши мүмкүн деп кабарлашат, Кыргызстандын синоптиктери.

17-апрелде Кыргызстанда жамгыр жаайт. Кээ бир аймактарда ал карга айланат. Тоолорго кар түшөт. Түндүк тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жеткен сыдырым шамал жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 19-24 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +2…+7, күндүз +2…+7 градус.
Таласта түнкүсүн +2…+7, күндүз +1…+6 градус.
Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +5…+10 градус.
Ош, Жалалабат аймактарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +7…+12 градус.
Ысыккөл, Нарын аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +1…+6 градус жылуу.
Бишкекте жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн.

Түндүк тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жеткен сыдырым шамал жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +3…+5 градус болот.

XS
SM
MD
LG