Казакстандын Астана шаарына жакын Арыс бекетиндеги поезддин кырсыктан улам Кыргызстандын бул жол менен өтүүчү каттамдары убактылуу токтотулду. “Казакстан темир жолы” АК кырсыктын кесепеттерин жоюу жана темир жол каттамын калыбына келтирүүгө болгон күчүн жумшап жатат. Аталган аймактагы темир жол кыймылы калыбына келтирмейинче каттамдардын жүрүшү убактылуу токтотулат, деп маалымдайт “Кыргыз темир жол” ишканасы.
Кечээ Казакстандын Арыс бекетине жакын жерде жүк ташуучу поезд жолдон чыгып кеткен. Жалпы курамдагы 64 вагондун 16сы аңтарылып, ичиндеги ун менен жем жолго төгүлгөн.(ZKo)
Кечээ Казакстандын Арыс бекетине жакын жерде жүк ташуучу поезд жолдон чыгып кеткен. Жалпы курамдагы 64 вагондун 16сы аңтарылып, ичиндеги ун менен жем жолго төгүлгөн.(ZKo)