Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:35

ОППОЗИЦИЯ ЧАГЫМЧЫЛАРДЫ ЖООПКО ТАРТУУНУ ТАЛАП КЫЛУУДА


Бүгүн оппозиция лидерлери президент К. Бакиевден жана Башкы прокуратурадан 26-апрелдеги жөө жүрүш учурунда кутум уюштургандарды жазага тартууну сурап кайрылышты. Билдирүүдө карапайым элге зомбулук көрсөткөндөргө жана анын уюштуруучуларына мыйзамга ылайык жаза чектөө керек деп айтылат. Мындай билдирүүнү “Акыйкат үчүн” кыймылы Ак үйгө жолдоду. Укук коргоочулар 26-апрелдеги окуяны “Түптөгү сабоо” деп атап, ачык сот өткөрүүнү талап кылышаарын бидиришти.

“Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү Табылды Акеровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, кыймыл мыйзамсыздык жана ур-токмокко алуу фактысына ачык тергөө жүргүзүүнү, тынч жарандарга карата зордук-зомбулук көрсөтүүнү уюштургандарды жана аткаргандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу талабы менен президентке жана Башкы прокуратурага кайрылуунун туура көрдү:

- Кыргызстандын Конституциясына жана демократиялык принциптерге каршы келе тургандыгын айтып, ур-токмокко алып, чуркап жүргөндөрдү жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүн ушундай чагымчыл аркеттерге баргандыгы үчүн кармап, ачык тергөө жүргүзүүнү талап кылып кайрылып жатабыз.

Билдирүүдө айтылгандай, 26-апрелде өтө турган акция тууралуу бийликке алдын ала маалымдалган жана алар бул иш-чара тынч маанайда өтөөрү билдирилген. Жарандардын конституциялык укуктарын коргогондун жана тартипти сактагандын ордуна бийлик кылмыш чөйрөсүнө тиешеси бар адамдарды тартуу менен чагымчыл аракеттерди уюштурду. Билдирүү ээлеринин белгилешинче, Ысыккөл облусунун аткаминерлери жана ИИМ мыйзамсыз аракеттерди жасады жана өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн кан төгүүгө даяр болчу.

Ошондой эле кайрылуу ээлери республикада болуп жаткан окуяларга, БУУнун Адам укуктары боюнча конвенциясы, ЕККУнун документтеринде белгиленген милдеттенмелери одоно бузулуп жаткандыгына объективдүү баа берүү өтүнүчү менен эл аралык коомчулукка кайрылышты.

Түптөгү окуяны “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Имаилова да Ак үйдүн көрсөтмөсү менен атайылап уюштурулган чагым деп баалады:

- Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү өздөрү эртең менен саат ондон баштап чагым жасашты. Элдерди араздаштырып жатты.

Төлөйкан Исмаилованын белгилешинче, кутумчул аракеттерди баштаган адамдар жергиликтүү элдин өкүлдөрү эмес, күн мурунтан ташылып келген жумушсуз адамдар, кылмыш чөйрөсүнө тиешеси бар топтун өкүлдөрү болчу:

- Алар колониядан, жумушу жок адамдарды мас кылып туруп, алып барышкан. Алардын арасында Түптүн эли эмес, башка жактан ташылган адамдар болчу.

Укук коргоочулардын байкоосуна караганда, акциянын жүрушүндө 200гө чукул милиция кызматкерлери жүргөн. Оппозиция лидерлери да ал жерде жүргөн тартип сакчыларынын көбү милиция формасын кийишпей, жөнөкөй кийим кийишип, эл арасында тукуруп жүрүшкөнүн айтышууда.

Ал эми ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Түптө эч кандай чагым болгон эмес, нааразылык жергиликтүү элден чыккан деп билдирди "Азаттыкка".

Ошол эле учурда Мелис Турганбаев оппозиция лидерлерине кол салынып жатканда бийлик өкүлдөрү, милиция кайдыгер карап турушканын мойнуна алган жок:

- Биз алардын ичине кирип аралашпайбыз да. Болгону коомдук тартипти сактап турууга укуктуубуз. Ал эми чатак чыгып кеткенде биз аларды ажыраштырбадыкпы.

Айрым байкоочулардын баамында, жөө жүрүштөгү окуялар мамлекет элди бири-бири менен араздаштыруу менен ичара согушка жана радикализмге түртүп жатат. Укук коргоочу Максим Кулешов 26-апрелдеги окуялар бийликтин кылдаттык менен даярдалган сценарийи менен жүрдү деп эсептейт:

-Бул жерде сценарийсиз болбой койгон жок. Куурчакты ойноткучтар жана оюнчулар болду. Бул жерде мамлекет элди бири бири менен араздаштырып жатканы өтө кооптуу. Мына ошол жерде милиционерлер менен эки автобус турду. Эгерде жөө жүрүш Түптөн чыкса, анда бардыгын союл-таяктар менен уруп-сабаганга даяр турганы көрүнүп турду. Мындай араздашуу кылуу өтө кооптуу жана уяттуу. Ага жол берилбеши керек.

Укук коргоочулар кутумчул аракеттерди уюштургандарга жана токмоктогондорго карата ачык сот өткөрүүнү талап кылышаарын, далил катары фотоматериалдарды жана байкоочулардын отчетун жарыя кылышаарын билдиришти.

XS
SM
MD
LG