Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

7:10 Москвада дагы бир кыргыз жараны мерт болуп, экөө жаракат алышты


Маалыматтарга караганда, алар мушташка кабылган. Окуя болгон жерге келген милиция көчөдө канжалап жаткан үч адамды табышкан. Көкүрөк тушка жеген бычактан жаракат алган бул үчөө дароо ооруканага жеткирилип, алар Кыргызстандан келген Бабажанов, Темиров жана Тожиев аттуу жарандар экени аныкталган. Көп өтпөй алардын бирөөсү – Тожиев ооруканада мерт болгон. Бул тууралуу кечээ Орусиянын “Росбалт” маалымат агенттиги кабарлады. Мындай окуя болгонун “Азаттыкка” Москвадагы “Кыргыз биримдиги” диаспорасынын жетекчиси Абдыганы Шакиров да тастыктап, учурда кылмыш иши козголуп, окуянын себептери иликтенип жатканын, окуяга кабылгандардын үчөө тең өзбек улутундагы кыргыз жарандары экенин кошумчалады. (SM)

XS
SM
MD
LG