- Элдешкис оппозицияга кеткен Кулов эки күн мурда чакан ГЭСтерди курууга Германиядан инвестор алып келүү сунушу менен президентке кирип колдоо алып чыгыптыр. Сиздин оюңузча бул окуяны саясий жагынан кандай чечмелечсе болот?
- Муну саясий чоң кадам деп айтсак болот. Бирок бул кадамдын артында эмне турганын так айтыш кыйын. Менин оюмча бул жерде эки себеп турушу мүмкүн. Биринчи версиясына карасак, Кулов чынында эле экономиканы алга жылдырууга салым кошоюн деген ниет менен оппозициядан алыс турганын көрсөтүп, бийликтегилер менен бир ымала таап, өзүнө болгон шектенүүлөрдү азайтуу аракетин көрүп жаткан болушу мүмкүн. Экинчи версия боюнча Кулов эки жакты байкап таразалап жүргөн, көптү билген саясатчы катары азыркы бийликти сынап, президент менен мамиле түзөйүн дегендеги кадамы болушу мүмкүн.
- “Ар-намыс” партиясы оппозициялык “Акыйкат үчүн” кыймылынын мүчөсү эмеспи. Куловдун Бакиевге барышын оппозициянын бийлик менен чыңалган мамилесин жумшартуу жышаанасы катары баалаганга болобу. Же Кулов президентке баратканда бул саясий өнүттү эске алган жокпу?
- “Ар-намыс” партиясы оппозициядагы чоң кыймылга кошулган менен активдүүлүгү көрүнбөйт. Партиянын төрагасынын орун басары Эмил Алиев катышып жүрөт оппозициянын жыйындарына көп учурда. Ал кишинин Кулов менен мамилеси жакшы экенин билебиз. Бирок анын Куловду көп учурда жашырып, оппозициянын башка лидерлери менен жакындаштырбайын дегендей аракеттери байкалып турат. Анын үстүнө Куловдун өзүнүн оппозициянын лидерлери менен алакасы анча жакын эместиги бир жылдан бери ачык эле билинип калды. Кулов өзүнүн партиясынын келечегине анчалык ишенбейт, ал партиясына караганда көбүнчө жеке өзүнүн көмөчүнө күл тартып аткандай сезилет.
Маектешкен Бурулкан Сарыгулова, Бишкек