Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев “казакгейт” деген атка конгон иш боюнча америкалык сотто көрсөтмө берүүгө даяр экенин билидирди. Сот америкалык бизнесмен кирешелүү мунай келишимдери үчүн Назарбаевге пара берген деген фактты териштирип жатат. Алиевдин макаласы kaztoday деген сайтка жайгаштырылган. Казакстандын Венадагы мурдагы элчиси Алиев мыйзамсыз финансылык операциялардан баштап мамлекеттик төңкөрүш даярдаган деген айып менен быйыл эки ирет сыртынан соттолгон. Алиевдин ырастоосунда, Назарбаев аны жаманатты кылууну көздөп жатат.