-“Айыл” банкты менчиктештирүү демилгесин өкмөт стратегиялык инвестор табуу максаты менен байланыштырып келет. Ушул “Айыл” банкын менчиктештирүү маселесине сиздин жеке көз карашыңыз кандай?
-Финансист катары менин айтаарым, “Айыл” банкын менчиктештирүүнүн эч кандай кажети жок. Себеби “Айыл” банкынын эң негизги милдети – айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн багытталышы керек. Ал эми айыл чарба өндүрүшү көптөгөн акчаларды көп мөөнөткө жана өтө төмөнкү пайыз менен берүүгө талап кылат.
Ал эми бизде ушул күнгө чейин ипотекалык кредит деген сөздү айтып жүрүшөт. Бирок ипотекалык кредит ошол айыл банкы аркылуу жүргүзүлөөрүн түшүнбөй жүрүшөт. Андыктан эгерде бул “Айыл” банкын менчиктештирсек, анда биз айыл чарбасын кредиттөөгө балта чабабыз дегенди түшүндүрөт.
-Башкача айтканда, ошол дыйкандарга насыя берүү дагы оорлойт, туурабы?
-Сөзсүз. Себеби менчик киши, банктын ээси эч качан узак мөөнөттүү жана эң төмөнкү пайыз менен кредит бербейт. Анын эң негизги максаты - өзүнө пайда табуу. Ал эми инфляция мезгилинде ал сөзсүз түрдө кредиттин баасын көтөрөт. Ошондуктан бул жерде биз эч кандай мамлекеттик стратегиясы жок эле, жеке чөнтөк стратегиясынын максатын көрүп жатабыз.
-Айрым маалыматтарга караганда, учурда банктарды күч менен алуу көрүнүштөрү болуп жатат. Мисалы, “Ысыккөл Инвест” банкы, “Промстройбанк”. “Айыл” банкы дагы ушундай жолго түшкөн жокпу?
-Албетте бизде каржы тармагында алардан түшкөн, ала турган пайдага кызыккан ачкөз адамдар толтура. Ошолордун бардыгы коррупция жол менен мамлекетти пайдаланып, мамлекеттик мыйзамды пайдаланып, ошондой финансы сфераны күч менен менчиктештирүү жүрүп жатат. Бул ошол эле “Промстробайнк”, же болбосо “Ысыккөл Инвест” банктын бир түрү болуп калат.
-Башкача айтканда бул жерде кимдир бирөөнүн жеке кызыкчылыгы турат деп айтсак болобу?
-Албетте, бул рынок заманында болуп жүргөн иш, боло берет дагы. Өзгөчө биздей мыйзам иштебеген башаламан өлкөдө бул номур биринчи проблема болуп кала берет.
-Эми ушунун артында кимдин кызыкчылыгы турушу мүмкүн?
-Конкреттүү кайсы адам экенин кайдан билебиз? Бирок бул жерде чындыгында эле бийликте отурган, депутаттардын колун толгоп, аларга буйрук берип, мыйзам кабыл алдырган кишилердин кызыкчылыгы турат.
-Өкмөт “Айыл” банкты менчиктештирүүнүн 5 вариантын берген экен. Негизинен өкмөт 67 пайыз акциясын сатуу вариантына ооп жатат. Бирок айрымдары 67 эмес 49 пайызды гана саталы деген сунуштарын айтып жаткан экен. Сиз менчиктештирүүгө каршы чыгып жатасыз, балким анын 67 пайыз эмес, андан азыраак кылса кандай болот?
-Бул эми упчу берип, баланы алдаган сыяктуу нерсе да. 5 эмес 15 вариант болсо дагы, 49 эмес 4 пайыз болсо дагы эгерде бул пайыздар жогорку деңгээлде пайда бербесе эч ким аларды сатып албайт. Бул жөн эле элди алдап, эптеп менчиктеп алуунун аракети.
-Маегиңизге ырахмат.