Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:24

8:45 М. Садыркулов: ЖК имаратын оңдоп түзөөгө 40 миллион сом берилбейт


Анткени, бул каражат 2008-жылдын бюджетине киргизилген эмес. Бул тууралуу “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып президенттик администрация башчысы Медет Садыркулов билдирди.Анын айтымында, президент бюджетке абайлап мамиле жасагыла деген катуу талап коюп жатат. Кечээ төрага Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин имаратынын ичин жаңгак уюлун колдонуп, оңдоп-түзөө демилгесине каршы президенттик администрация башчысынын билдирүүсүн сынга алып, Садыркуловду президенттин атына жамынып, өзүнө элдин көңүлүн бурдуруп жатат деген. Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы отуруму имаратынын жыйындар залын, жетекчилердин иш бөлмөлөрүн жана кире беришти оңдоп, техникалык жактан жаңыртуу жөнүндө токтом долбоорун талкуулайт. Имаратты оңдоп-түзөө иштерине 40 млн. сом талап кылынары мурда маалымдалган.(BuS)

XS
SM
MD
LG