Тамчы, Кошкөл, Чырпыкты айылдарынын социалдык жана укуктук абалын жакшыртуу багыты менен иштеп аткан демилгелүү уюм жергиликтүү соттордун ишмердүүлүгүн сынга алды. Уюм лидерлеринин бири Кудайберген Күрөңов Каракол шаарындагы район аралык сот карай турган ишти Чолпонатадагы райондук сот өз өндүрүшүнө алып акча өндүргөндөн кийин район аралыкка жөнөтүп убара кылганын билдирди. Ал эми Тамчы айылынын мурунку өкмөт башчысы Турсунбек Сыдыкбеков көл жээкте 16 гектар өрүк багын таанышына бекер берип, ал бир жарым миллион долларга сатып ийгени боюнча иш козголсо дагы, ага 2 жылдан бери чекит коюлбай келатат. Мына ушуга нааразыланган 60тай киши район аралык сотуна келип Жогорку Кеңештин кайрылуусун тапшырды. Бирок сот Таалай Даркинбаев мурунку айыл чарба башкарасынын кылмышы аныкталмайынча үлүш жер боюнча иш токтотулганын айтканда, чогулгандар 200 чакырым алыстан келген элди 4-5 жолу убара кылган бул соттун үстүнөн арыз жазаарын билдиришти. (RB)