Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

13:20 “Де-факто” басылмасына каршы иликтөө уланууда


Бул басылмага байланыштуу козголгон иш боюнча бүгүн Бишкек шаарынын прокурору Айбек Турганбаев маалымат жыйынын өткөрдү. Прокурор суроолорго жооп берип жатып бул жерде эч кандай саясий себеп жоктугун, кайсы гана басылма болбосун жалган маалымат таратса мыйзам алдында жооп берүүгө тийиштигин белгиледи. Прокурордун айтымында, бул ишке себеп болгон макаланын автору Замира Молдоева көрсөтүлгөн даректе жашабастыгы белгилүү болду. Гезит12-июндагы санында Салыктар жана жыйым боюнча мамлекеттик комитетинин директору Темирбек Курманбековдун коррупциялык иштери тууралуу Замира Молдоева аттуу аялдын кайрылуусун баскан эле. Ушундан улам 14-июнда шаардык милициянын кызматкерлери Свердлов райондук сотунун токтомуна таянып, гезит редакциясын тинтип, тергөөгө керектүү деген себеп менен компьютерлердин негизги бөлүктөрүн алып кетишкен. Басылманын башкы редактору Чолпон Орозобекова болсо муну гезитти жабуу аракетинде атайын жасалып жаткан саясий кысым катары баалоодо.(SM)

XS
SM
MD
LG