Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

11:20 Жогорку сотто СДПКнын апелляциялык арызы каралууда


Буга чейин аталаган партиянын мурдагы жооптуу катчысы Эдил Байсалов өткөн жылы парламенттик шайлоонун алдында добуш берүү баркчаларынын жашыруун белгилерин ачыктап интернет сайтка жарыялап, мамлекетке 20 млн. сом зыян келтирди деп, БШК сотко арыз жолдогон. Бишкек райондук жана шаардык соттору БШКнын арызын канаатандырып, партияны 16,5 млн. сом төлөп берүүгө чечим чыгарган. Соттун мындай чечимине макул болбой СДПК апелляциялык арыз менен Жогорку сотко кайрылган. Учурда Жогорку сотто СДПКнын апелляциялык арызы каралууда. Сот жараянына партиянын атынан жактоочу Галина Скрипкина катышууда. (AJ)

XS
SM
MD
LG