Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:54

16:50 Папан айылдык Кеңешинин депутаттары айыл өкөмтүнүн кызматтан кетүүсүн талап кылышууда


Карасуу районундагы Папан айылдык Кеңешинин төрагасы Курманбек Мияшев «Азаттыкка» билдиргенине караганда, айылдык Кеңеш кезексиз сессиясында Папан айыл Өкмөтүнүн башчысы Медер Мырзабековго ишеним көрсөтпөө сунушун экинчи ирет карап, 15 депутаттын он бири Мырзабековдун отчетун канаттандыраарлык эмес деп баалап, кызматтан кетүүсүн кубаттап добуш беришти. Карасуу районунун акими Токтосун Барманов бир ай аралыгында 2 ирет чукул сессия өткөрүп, Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Медер Мырзабековдун отставкасын талап кылып жаткандардын артында облустагы таасирлүү кишилер тургандыгын, алардын кызыкчылыгы өздөрүнө караштуу адамды дайындатуу экендигин белгиледи. (ATo)

XS
SM
MD
LG