Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

СОЗДУККАН СОТ: АЛТЫН ЧАТАК ДАГЫЛЕ УЛАНУУДА


“Центерра Голд Инк.” компаниясы менен “Камеко” корпорациясынын өкүлдөрү келбей калгандыгына байланыштуу 2-июлда Бишкектин райондор ортолук соту өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомун териштирүүнү кийинкиге жылдырды. Сот “Кумтөр” алтын кен компаниясынын өкүлдөрүнүн ишти териштирүүнү башка күнгө жылдыруу өтүнүчүн канааттандырып, кийинки отурумду 15-июлга белгиледи.

Сотко доо арыз жолдогон парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков өкмөттүн 2003-жылдын 31-декабрындагы токтомуна а кездеги премьер-министр Николай Танаев жалгыз өзү кол коюп, министрлер кабинети жыл аягында чогулушпаганын айтып келатат. Өкмөттүн талаштуу токтомунун тагдыры чечиле электе “Кумтөр” алтын кен компаниясына берилген үч лицензия чакыртылып алынган.

20-июнда Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту маселени териштирүүгө “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен “Камеко” корпорациясынын өкүлдөрү катышуусу зарылдыгын белгилеп, чакырык жөнөткөн. Аны доо арыз ээси Кубанычбек Исабеков да ырастайт.

- Жеймс Картер, “Центерра Голд Инк.” компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы, расмий түрдө сотко арыз берди. “Биз катыша албайбыз, бул иш боюнча өзүңөр карай бергиле” дептир.

“Кумтөр” алтын кен компаниясынын укукчусу Валентин Чернышов сот чакырыгы Канададагы компания менен корпорация жетекчилерине тийбей калышы толук ыктымал деген пикирде.

- Сотко доогер менен жоопкер кыргыз өкмөтүнүн сөзсүз катышуусу зарыл болсо үчүнчү тарап катары чакырылчу компанияны тийиштүү деңгээлде кабардар кылыш зарыл болчу. Бул биринчиси, экинчи жагынан ал иш сот башталганга чейин жасалышы керек эле. Менин билишимде соттун компанияга жолдогон расмий чакыруусу ага карата компаниянын жообу, расмий позициясы жок.

В.Чернышов мыйзам тартибине ылайык чакырылчу жак чакыруу алганын ырастап бериши керектигин белгиледи. Анын оюн улап, экономикалык сотто “Кумтөр” алтын кен компаниясынын кызыкчылыгын коргогон адвокат Нурбек Сабиров канадалык компания чакырууну алган-албаганы тактала электигин айтты.

- 20-июнда сот ишти кароону 2-июлга жылдырган. Сот ишти кароо ушул күнгө жылдырылганын чакырыла тургандар, “Камеко” корпорациясы кабардар болгонун ырастай алса алар келбесе деле уланта беришке акысы бар. Бул жерде чакырууну колуна алганын ырастаган документ керек. Ал эми чакырууну жөнөтүү аны сөзсүз алгандыкты билдирбейт.

Канадалык компания менен корпорация жетекчилиги сот чакыруусун колуна алдыбы-албадыбы суроосуна чекит коюп Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту Мыктарбек Алымкулов кийинки соттук териштирүүгө канадалыктардан өкүл келбей турган болсо мыйзам тартибинде айыппул салына тургандыгын айтып, кийинки отурумду 15-июлга белгиледи.

Сотко доо-арыз менен кайрылган парламенттин вице-спикери К.Исабеков өкмөт токтомун териштирүүнүн создугуп баратышын мындайча мүнөздөдү.

- Эмнегедир февралдын онбешинен бери созулуп келатат. Мына жакында жарым жыл болот. Созулгандан созулуп баратат. Себеби бул биздин өкмөттүн алсыздыгы. Өкмөттүн да коркоктугу.

Ушу тапта кыргыз өкмөтү менен канадалык компаниянын ортосунда эларалык арбитраждык сотто жер салыгы, бийик тоо шартында төлөнчү эмгек акы маселеси териштирилгени жатат. К.Исабеков “Кумтөр” алтын кени 2008-жылга гана Кыргызстанга 1 миллиард 130 миллионго жакын сом төлөмөр экенин, ал эми 2006-2007-жылдардагы компаниянын иши салыкчылар тарабынан кылдат текшериле электигин маалымдады.

XS
SM
MD
LG